Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:32

Эл артисти Сталбек Алмасбеков каза болду


Сталбек Алмасбеков.
Сталбек Алмасбеков.

5-апрелде опера ырчысы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Сталбек Алмасбеков дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирип, Алмасбеков эмнеден улам каза болгонун тактаган жок.

Сталбек Алмасбеков 1953-жылы Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айылында туулган.

Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөндөн кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык - хореографиялык окуу жайда окуган. 1979-1983-жылдары Курмангазы атындагы Алматы мамлекеттик консерваториясында музыкалык билим алган. Окуу жайды аяктагандан баштап, азыркы мезгилге чейин Кыргыз улуттук опера жана балет театрында солист-алдыңкы сахна чебери болуп иштеп келген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG