Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:06

Президент Жапаров Апрель элдик революциясына карата кайрылуу жасады


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 7-апрель Элдик революциясынын 13 жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Анда өлкө башчы Кыргызстандын эгемендик жылдарындагы Аксы окуясы, Март, Апрель элдик революциялары жана акыркы Октябрь окуялары - өлкө тарыхындагы саясий орчундуу окуялардан болуп калганын белгилеген.

“Азаттыкты туу тутуп, ар дайым калыстыкка умтулган өзгөчө касиетти көкүрөгүндө аздектеп алып жүргөн кыргыз эли, аталган бул окуяларда адилетсиз башкарууга караманча каршы болуп, чырмалышкан акыйкатсыз системаны алмаштырууга тикесинен тик турган. Тилекке каршы, Апрель элдик революциясынын баасы өтө кымбатка турду, 90дой эр-азаматыбыздын каны менен келди. Карапайым элдин, жумурай журттун азаттыгы үчүн күрөшкөн уулдарыбыздын жаркын элестери жүрөгүбүздө түбөлүккө жашай берет. Соңку тарыхыбыздагы бул окуялардан алынуучу эң башкы сабак – адилет башкаруу менен элдин бакубат турмушун камсыз кылуу. Биз Ата-Мекени менен жамы журтунун камын жеп, кара баштарын канжыгага байлап, өмүрлөрүн арнаган атуулдарыбыздын ой-максат, тилектерин, Кудай буйруса, орундатабыз”, - деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

2010-жылы 6-апрелде элдик толкундоолор алгач Нарын шаарында, кийин Таласта башталып, Бишкекте уланган.

7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы көтөрүлүштө Ала-Тоо аянтында 90го жакын киши окко учуп, 100дөн ашуун адам жаракат алган. Бийликтен кулатылган президент үй-бүлөсү, жакындары менен Беларустан башпаанек тапкан.

Апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов өмүр бою кесилген. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев 30 жылга соттолгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG