Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:32

Бишкекте мейманканалардын биринде үч кишинин сөөгү табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында 6-апрелде мейманкалардын биринде үч кишинин – бир эркек, эки аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алардын денесинен кыйноонун белгилери аныкталган эмес. Бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Милиция кызматкерлери эркек киши 39 жашта экенин тактады. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары ал чет өлкөнүн жараны экенин, алар баңгизатты ашыкча колдонуудан каза болгонун жазышууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG