Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Өзбекстан: сексуалдык зомбулукка жазаны катаалдаткан мыйзам кабыл алынды


Иллюстрация
Иллюстрация

Өзбекстандын Сенаты сексуалдык зомбулук үчүн жазаны катаалдаткан мыйзам долбоорун кабыл алды.

6-апрелде кабыл алынган документке ылайык, мындай кылмыш жасап соттолгондор мөөнөтүнөн мурда абактан чыгарылбайт, жазасы жеңилдетилбейт. Мындан тышкары, зордукчулдардын тизмеси түзүлөт.

Сенатта бул мыйзам долбоору ушул аптада Өзбекстанда жашы жете элек кыздарды чиновниктер зордуктаганы тууралуу фактылар ачыкка чыккан учурда кабыл алынды.

Өзбекстандын Кылмыш кодексинин 118-беренесине ылайык, зордук көрсөткөндөр 10 жылдан 20 жылга чейин камалат.

Мыйзам долбоору 10 күндүн ичинде президентке берилиши керек. Мамлекет башчысы аны 30 жумушчу күндүн ичинде карап, кол коёт же кайра иштеп чыгууга жөнөтөт.

Өзбекстандык активист кыз-келиндер бул мыйзам долбоорун кабыл алынышы үчүн көпкө күрөшкөнүн белгилешүүдө.

Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму мыйзам долбоорунун кабыл алынышын кубаттады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG