Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

БШК:14 айылдык кеңештеги шайлоодо шайлоочулардын 39% добуш берди


БШК. Архивдик сүрөт.
БШК. Архивдик сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Баткен, Талас, Нарын, Ош жана Чүй облустарындагы 14 айылдык кеңештеги шайлоонун баштапкы жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, добуш берүү өткөн аймактарда жалпысынан 72 миңден ашык шайлоочу катталган жана 9-апрелде алардын 28 миңден көбү, тактап айтканда 39,01% добуш берди. Электрондук добуш берүү үчүн катталган 841 шайлоочунун 694ү катышты.

"Таластагы Бакыян айылдык кеңешиндеги шайлоодо добуш берүү эң активдүү болуп, шайлоочулардын 62% ашыгы катышты. Добуш берүүнүн жүрүшүндө шайлоочулардан, байкоочулардан жана талапкерлерден арыз-доомат түшкөн жок. Шайлоолордун жыйынтыгы мыйзамга ылайык 20 күндүн аралыгында чыгарылат",-деп жазылган маалыматта.

Нарындын Чаек, Көк-Ой, Баткендин Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр, Оштун Отуз-Адыр, Кабылан-Көл, Исанов, Кеңеш, Таластын Бакыян, Бейшеке, Шекер жана Чүйдүн Байтик, Кызыл-Дыйкан айылдык кеңештериндеги жалпы 254 депутаттык орунга 470 талапкер ат салышты. Алардын 164ү аялдар. 254 мандаттын 30% же 97си аялдарга берилет.

БШК буга чейин Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу бул өнөктүктүн алкагында электрондук добуш берүү ыкмасы колдонуларын билдирген. Бул жолу Баткендеги үч айылда мындай мүмкүнчүлүктү ошол жерде катталган, бирок шайлоо күнү добушканага бара албагандар пайдаланды.

Кыргызстанда 453 айылдык кеңеш бар жана депутаттарды беш жылдык мөөнөткө шайланат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG