Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:38

Өзбекстанда блогер "арам йогурттар" деген видеосу үчүн 15 суткага камалды


Хожиакбар Носиров
Хожиакбар Носиров

Өзбекстанда блогер Хожиакбар Носиров 15 суткага камакка алынганын Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Блогер "курамында кармин заты болгон йогурттар арам" деген видео ролик жарыялаганы үчүн камакка алынган.

Ал өткөн аптада өзүнүн Телеграм-каналына видео жайгаштырып, анда интернеттеги маалыматтарга шилтеме берип, дүкөндөрдө сатылган йогурттун бир нече түрүндө "кармин" (E120) кошулмасы болгондуктан "арам" деп айткан. Блогер өзүнүн көрөрмандарын бул азыктарды колдонбоого жана анын курамын текшерип туруп сатып алууга чакырган.

Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматында, тасманын автору “эч кандай адистердин жана эксперттердин тыянагы жок туруп, өзүнүн жеке диний көз караштарынан улам эле маалымат таратканы” айтылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Хожиакбар Носиров “Улуттук, расалык, этникалык же диний кастыкты козуткан материалдарды даярдоо, сактоо же таратуу” беренеси, ошондой эле “Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарган эмес” деген берене менен 15 суткага камакка алынды.

Кармин кошулмасы күнүмдүк жашоодо тамак-аш, даары-дармек жана ар кандай азыктарга колдонулат.

XS
SM
MD
LG