Ысык-Көлдүн Фрунзе, Балбай, Кутургу, Түп айылдарына караган аянттары тазаланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, 12-мартта башталган иш-чарада көлдүн 39 миң гектар аянты тазаланып, 2835 тонна ар түрдүү таштанды, 34 500 метр балык уулоочу тор чыгарылды.
Ысык-Көлдүн флора жана фаунасын, тазалыгын сактоо максатында президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде 12-мартта "Ысык-Көлдү коргойлу" иш-чарасы башталган. Ага ылайык, бир катар министрликтерден жумушчу топ түзүлүп, көлдөгү таштандылар жана балык уулоочу торлор тазалана баштаган.
Көлдү тазалоого ӨКМдин суучулдары кайык, катерлер менен тартылган.
Ысык-Көлгө жайкысын жергиликтүү жана коңшу мамлекеттерден келген эс алуучулар барышат.
Жыл сайын көлдү тазалоо иштери уюштурулуп, таштанды жана торлор чыгарылып турат. (BCh)