Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Тайвандын айланасындагы машыгууга катышкан учактардын саны көбөйдү


Тайвандан тартылган сүрөт.
Тайвандан тартылган сүрөт.

Кытайдын армиясы Тайвандын айланасындагы аскердик машыгууларын дүйшөмбүдө да улантты. Жергиликтүү бийлик аралга жакын жерде согуштук учактардын саны көбөйгөнүн жана Кытайдын учак конуучу кемеси келгенин маалымдады.

Үч күнгө созула турган машыгуулар 8-апрелде башталган. Бээжин муну Тайван президенти Цай Инвэнге “катаал эскертүү” деп атаган. Ал өткөн жумада АКШга барып келген.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаментинин өкүлү Вашингтон Бээжиндин иш-аракеттерине дыкат көз салып турарын жана аймактагы коопсуздукту камсыздоого күчү жетерин билдирген.

Буга чейин АКШнын президенти Жо Байден Кытай Тайванга чабуул койсо, кийлигишерин бир нече ирет эскерткен.

Ушул тапта Тайванды өз алдынча мамлекет катары 13 гана өлкө тааныйт. Расмий Бээжин аралды өзүнүн бир бөлүгү катары карап, ага каршы саясат жүргүзүп келет. АКШ Тайвандын көз карандысыздыгын тааныбайт, бирок Кытайдын аны күч менен кошуп алышына каршы.

Тайван Тайбэй шаарын өзүнүн борбору деп санайт.

XS
SM
MD
LG