Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:43

Журналисттер, укук коргоочулар Кара-Мурзаны бошотууну талап кылышты


Кара-Мурза жана адвокаты сот залында. Март, 2023-жыл.
Кара-Мурза жана адвокаты сот залында. Март, 2023-жыл.

Орусиялык көз карандысыз журналисттер жана укук коргоочулар оппозициялык саясатчы Владимир Кара-Мурзага козголгон кылмыш ишин токтотуп, аны тез арада бошотууну талап кылышууда. Билдирүү журналисттерге берилчү "Редколлегия" сыйлыгынын сайтында жарыяланды.

Кайрылуунун авторлору Кара-Мурзага тагылган айыптар саясий өңүттө экенин белгилешүүдө.

Саясатчы 2022-жылы апрелде камакка алынып, ага каршы "Орус армиясы тууралуу жалган маалымат таратуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Буга анын Кошмо Штаттардын Аризона штатындагы мыйзам чыгаруучулардын алдында орус бийлигин жана Украинадагы согушту сындаган сөздөрү себеп болгон.

6-апрелде Москва шаардык сотунда Кара-Мурзанын соту жабык өттү. Прокурор 25 жылга катаал режимдеги абакка кесүүнү өтүнгөнүн адвокат Мария Эйсмонт билдирди.

Кара-Мурза Орусиянын армиясы тууралуу "жалган маалымат" таратууга, "ылайыксыз уюмдун" ишмердүүлүгүнө катышууга жана мамлекетке чыккынчылык кылууга айыпталып жатат. Орусиянын Юстиция министрлиги аны "чет элдик агент" деп тааныган.

Владимир Кара-Мурзага былтыр октябрда адам укугун коргоо жаатындагы Вацлав Гавел атындагы сыйлык ыйгарылган. Бул сыйлыкты Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясы негиздеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG