Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:08

Орусия менен Украина туткундарды алмашты


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Украина менен Орусия 10-апрелде кезектеги согуш туткундарын алмашып, Москвага 106, Киевге 100 жаран кайтарылды.

Украин президентинин иш башкармалыгынын жетекчиси Андрей Ермак муну ырастады. Алардын арасында Куралдуу күчтөрдүн кызматкерлери, моряктар, чек арачылар жана Улуттук гвардиянын аскерлери бар. Ермактын айтымында, айрымдары жараат алган жана ооруп жатышат. Аларга медициналык жардам көрсөтүлөт.

Орусиянын Коргоо министрлиги 106 туткун Москвага жеткириле турганын билдирди. Алар Коргоо министрлигинин медициналык мекемелеринде дарыланып, реабилитациядан өтүшөт.

Украина менен Орусия 7-мартта да туткундарды алмашкан. Анда 130 украиналык жана 90 орусиялык мекенине кайтарылган. Февралда 101 адамга 101 форматында өз ара туткун айырбаштоо болгон.

Орусия Украинага каршы согуш ачкандан бери Киев 2000ден ашуун жаранын туткундан бошотту.

XS
SM
MD
LG