Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

NBC: Жо Байден кайрадан АКШ президенттигине ат салышат


АКШнын президенти Жо Байден
АКШнын президенти Жо Байден

АКШ президенти Жо Байден экинчи ирет мамлекет башчылыкка ат салышууну көздөп турганын NBC телеканалына курган маегинде билдирди.

АКШ президентин шайлоо 2024-жылы, ноябрь айында өтөт. Азырынча Ак үй бул тууралуу расмий билдире элек.

Телеканалдын эфиринде Байден кийинки шайлоого катышарын айтып, бирок азырынча бул тууралуу расмий жарыялабай турганын билдирди. Байдендин Ак үйдөгү кеңешчилери ыктымал шайлоо өнөктүгүнө даярдык көрүшүүдө.

Азырынча Демократтар партиясы келерки президенттик шайлоого башка бир саясатчыны көрсөтө элек. Демократтардын атаандашы Республикачылар партиясынан мурдагы президент Дональд Трамп талапкерлигин коюшу ыктымал. Бирок ага мурдагы шайлоодо "шайлоо фондунун акчасын максатсыз пайдаланган жана көчөдөгү каршылык митингдерин колдогон" деген айып тагылышы репутациясына көлөкө түшүрүшү мүмкүн экени айтылууда.

Республикачылардан дагы бир талапкер - учурда Флорида штатын жетектеп турган Рон Десантис болушу ыктымалдыгы да айтылып жатат.

Жо Байден Американын 46-президенти болуп, 2021-жылы шайланган. Ал АКШ тарыхындагы эң улгайган мамлекет башчы. Азыр 80 жашта.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG