Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:13

Орусия армияга электрондук чакырууну мыйзамдаштырат


Орусиядагы армияга чакыруу кагазы.
Орусиядагы армияга чакыруу кагазы.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы аскердик комиссариатка электрондук чакырууну мыйзамдаштырган долбоорду караганы турат. Бул тууралуу думанын Коргоо комитетинин башчысы Андрей Картаполов маалымдаганын "Радио Свобода" жазды.

Комитет кагаз түрүндөгү чакырууну калтырып, аны алуудан баш тартакандарга электрондук версиясын жөнөтүүнү сунуш кылды. Картаполовдун айтымында, бардыгы бирдей юридикалык күчкө ээ болмокчу.

Сунушка ылайык, комиссариатка барбай койгон жаран андан кийинки чакыруу маалында эки жуманын ичинде өз ыктыяры менен келүүгө тийиш. Андай болбосо, чет өлкөгө чыгуусу чектелет. 20 күндөн кийин унаа айдоого, кыймылсыз мүлк алып же сатуу, жеке ишкер катары катталуу, кредит алууга тыюу салынат.

Азыркы учурда Орусияда комиссариатка чакырууну көз жаздымда калтыргандар үчүн 500дөн 3 миң рублга чейин айып пул каралган.

Картаполов эми комиссариаттарда аскерде кызмат өтөөгө милдеттүү кишилердин биридиктүү реестри пайда болорун, каттоого туруу же чыгуу, жеке маалыматтарга өзгөртүү киргизүү өңдүү иштерди алыстан аткарууга мүмкүн болорун айтты.

30-мартта Орусиянын президенти армияга кезектеги чакыруу буйругуна кол койгон. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы ошондо биринчи жолу электрондук чакыруулар жибериле баштарын билдирген.

"Радио Свобода" жазгандай, федералдык мыйзамдарда электрондук чакырууга уруксат берген пункт жок.

XS
SM
MD
LG