Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Мамдеп Гершкович Орусияда "мыйзамсыз кармалган" деп тапты


The Wall Street Journal гезитинин кабарчысы Эван Гершкович
The Wall Street Journal гезитинин кабарчысы Эван Гершкович

АКШнын Мамлекеттик департаменти The Wall Street Journal гезитинин кабарчысы Эван Гершкович Орусия тарабынан "мыйзамсыз кармалган" деп тапты. Бул тууралуу басылма жана Мамдептин расмий өкүлү билдирди.

Мындай макам барымтага алынган жарандын макамына тете жана Вашингтонго аны бошотуу үчүн кошумча механизмдерди колдонууга, мисалы айырбаштоо тууралуу сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берет.

The Wall Street Journal басылмасынын жазганына караганда, Гершковичтин иши менен башка мамлекеттерде мыйзамсыз кармалып жаткан америкалыктарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн Мамлекеттик департаменттин атайын кеңсеси алектенет.

Тышкы саясий мекеме орус бийлигин журналистти дароо кое берүүгө чакырды жана "Журналистика – бул кылмыш эмес" деп билдирди.

Гершкович 30-мартта кармалып, ошол эле күнү Москва шаарынын Лефортово райондук соту аны 29-майга чейин камоо чечимин чыгарган.

Орусиянын коопсуздук кызматы (ФСБ) аны АКШнын тапшырмасы менен аскердик өнөр жай комплексинин ишканаларынын бири тууралуу маалымат чогултуп жүргөн деп айыптаган.

8-апрелде ФСБнин тергөөчүлөрү Гершковичке расмий түрдө "тыңчылык кылган" деген айып тагышты.

Журналист бардык айыптоолорду четке кагып, Орусияда журналисттик ишмердүүлүк менен алектенип жүргөнүн билдирүүдө.

Орусияда алты жылдай иштеген кабарчы Екатеринбург шаарында элдин Украинадагы согушка мамилеси жана “Вагнер” компаниясы тууралуу материал даярдап жүргөн.

3-апрелде Гершкович аны камакка алуу чечимине каршы доо арыз берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG