Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:10

Зулушев бир жылда куралдуу күчтөрдө өз жанын кыйган төрт учур катталганын айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2022-жылы Кыргызстандын куралдуу күчтөрүндө өз өмүрүн кыйган төрт окуя катталганын 11-апрелде Жогорку Кеңеште жасаган жылдык баяндамасында башкы прокурор Курманкул Зулушев кабарлады.

"2022-жылы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндө жалпысынан өз өмүрүн кыйган төрт окуя катталса, Аскер прокуратурасы тарабынан тийиштүү текшерүү жүргүзүлүп, үч окуя боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Бир окуя жана бир аскер кызматкерин өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү, шалаакылык боюнча иш соттук кароого жиберилген. Мындан сырткары Аскер прокуратурасы тарабынан өз өмүрүнө кол салуу, дене бойго зомбулук кылуу менен бийликтен аша чабуу иштери боюнча 2023-жылдын үч айында күтүүсүз 36 текшерүү болуп, 36 укук бузуу аныкталган. 26 прокурордук акт түзүлүп, беш кылмыш иши козголгон", - деди Зулушев.

Буга чейин Башкы прокуратура 2020-2021-жылдары ондой жоокер өз жанын кыйганын билдирген. 2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган. 2018-жылы 17 аскер кызматкери өз жанын кыйганы кабарланган. Андан сырткары зордук-зомбулукка байланыштуу фактылар катталган.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун эсебинде, 2012-2016-жылдар аралыгында ар кандай жагдайда каза болгон жоокерлердин саны алтымыштан ашкан.

Бул окуялардын дээрлик баарында жоокерлердин жакындары алардын суицидге барганына ишенбей, өз жүйөлөрүн жана далилдерин келтиришкен. (BCh)

XS
SM
MD
LG