Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:51

Мурдагы энергетика министри Бекмурзаев боюнча тергөө токтоп турат


Доскул Бекмурзаев.
Доскул Бекмурзаев.

Мурдагы энергетика мнистри Доскул Бекмурзаевге карата кылмыш ишинин тергөөсү убактылуу токтоп турат. Бул тууралуу 11-апрелде Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

“Бекмурзаевге карата эки кылмыш иши козголгон. Тергөө тарабынан мамлекетке чыгым 17 млн. 468 миң деп эсептелген. Бүгүнкү күндө тергөө токтоп турат, анткени министр "ооруганына байланыштуу Түркия мамлекетинде дарыланып жатам" деген. Ошо менен иштин жыйынтыгы чыга элек”, - деди Зулушев.

2022-жылы октябрда энергетика мнистри Доскул Бекмурзаевге Башкы прокуратура "кызмат абалынан кыянат пайдалануу" боюнча эки кылмыш ишин козгоп, кызматынан убактылуу четтетилген. Прокуратуранын маалыматында, министр тармактагы адис эмес кызматкерлерди чет өлкөгө жиберип, мамлекеттин каражатын ысырап кылганы, курулуш иштеринде 15 млн. сомдон ашык зыян келтиргени айтылат.

Кызматтан кеткенден кийин Доскул Бекмурзаев өзүнө карата козголгон кылмыш иштерин “каралоо үчүн жасалган кыңыр иш ” деп атаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG