Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:13

Индонезияда терроризмге шектелген өзбекстандыктар камактан качууга аракеттенди


Индонезия
Индонезия

Терроризмге шектелген өзбекстандык үч киши Индонезиядагы камактан качуу аракетин көргөндө иммиграциялык борбордун кызматкери жана шектүүлөрдүн бири каза тапты. Полициянын маалыматына ылайык, аман калгандары кайра камалды.

AFP агенттиги жазгандай, өзбекстандыктар дагы төрт мекендеши менен интернетте терроризмге үгүттөгөн деген шек менен бир нече күн мурун кармалган. Индонезия полициясы алардын “Ал Каидага” жакын Katiba al Tawhid wal Jihad деген топко байланышы бар деп эсептейт.

"Шектүүлөр Түндүк Жакарта иммиграция борборундагы кармоочу жайдан дүйшөмбү күнү качканда тартип коргоочуларга, анын ичинде терроризмге каршы топтун мүчөлөрүнө ага чейин кампадан уурдап алган бычак менен кол салган", - деп билдирди полициянын басма сөз катчысы Асвин Сирегар.

Маалыматка караганда, кол салуу кармоочу жайдын кызматкерлери ооз ачууга даярданып жатканда болгон.

Полиция алдын ала иликтөөгө таянып, шектүүлөр Өзбекстандын консулдугунун кызматкери менен кездешкенден кийин качууну чечкенин, мекенинде оор жазага тартылышы мүмкүн болгондуктан, депортацияны каалашпаганын кошумчалады.

Өзбекстандын Жакартадагы элчилиги AFP агенттигинин журналистинин комментарий берүү өтүнүчүнө жооп бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG