Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:47

Россельхознадзор Кыргызстандагы сүт иштетүүчү ишканаларды текшерип чыгат


Сүт тапшыруу учуру. Архив сүрөт.
Сүт тапшыруу учуру. Архив сүрөт.

Россельхознадзор мекемеси 10-16-апрель күндөрү Орусияга сүт азыктарын ташыган кыргызстандык сүттү кайра иштетүүчү беш ишкананы текшерип чыгат. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылды.

Анда сүттүн сапаты, лаборатория жана коопсуздук боюнча Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) шарттарына шайкеш келери каралат.

Жакында эле Орусиянын Россельхознадзор мекемеси кыргызстандык “Тойбосс” компаниясынын колбасасынан чочконун ДНКсы табылганын билдирип, Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл кызматтарынын ишин чабал деп баалаган. Адал азыктарды чыгарганын билдирген “Тойбосс” компаниясы дооматты четке каккан.

Россельхознадзор буга чейин кыргыз балыктарынан зыяндуу заттар табылганын кабарлаган.

Айрым талдоочулар орусиялык мекемелердин удаалаш билдирүүлөрүн атайын жасалган экономикалык тоскоолдук деп мүнөздөп жатат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG