Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:42

Ошто тамеки аянты быйыл 100 гектарга кеңейтилет


Тамеки жалбырагын кургатуу. Иллюстрация.
Тамеки жалбырагын кургатуу. Иллюстрация.

Ош облусунун аймагында тамеки эгилүүчү жердин аянты бул жылы 100 гектарга кеңейтилет.

Былтыр тамеки баасы көтөрүлүп кеткендиктен, быйыл дыйкандарга бул өсүмдүктү эгүү сунушталганын Ош облусунун экономика жана аймакты комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Данияр Батыров “Азаттыкка” билдирди.

2022-жылы дыйкандар бир килограмм тамекини 120-130 сомдон саткан. Ош облусунун аймагында 300 гектар жерге тамеки эгилип, андан 925 тонна түшүм алынган. Быйыл 400 гектар жерге эгүү сунушталган.

Былтыркы 925 тонна түшүмдүн 85% Ноокат районунда өндүрүлгөн. Жыйналган тамеки кошуна Өзбекстан, Казакстан жана башка өлкөлөрго экспорттолгон.

Быйыл Айыл чарба министрлиги жазгы талаа жумуштары үчүн дыйкандарга 3 млн. литр дизель базар баасынан арзан – 65 сомдон сатыларын кабарлаган. Ош облусуна 466 тонна күйүүчү май, 6 пайыз менен дыйкандарга 82 млн. сом акча каражаты бөлүнгөн. (DSh)

XS
SM
MD
LG