Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

Мамдума аскерге электрондук жол менен чакыруу мыйзамын колдоду


Мамлекттик Дума
Мамлекттик Дума

Мамлекеттик Дума 11-апрелде аскерге милдеттүү жарандардын бирдиктүү реестрин түзүүгө жана аскерге чакыруунун электрондук түрүн киргизүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окуудан карап, кабыл алды.

Экинчи окууда отурумга катышып жаткан 391 депутаттын баары бир добуштан макулдугун беришти. Үчүнчү окууда катталган 395 депутаттын бирөө гана калыс пикирин билдиргенин "Новая газета. Европа" басылмасы жазды.

Шейшемби күнү мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр Думанын төмөнкү палатасынын сайтына жарыяланган. Ага ылайык, аскерге жарамдуу жарандар "Мамлекеттик кызмат" порталы аркылуу же мамлекеттик, муниципалдык кызмат көрсөтүүчү борборлор аркылуу аскерге чакырылат.

Буга чейин чакыруу кагаздары жарандын өз колуна же жетекчиси аркылуу тапшырылчу.

Мындан тышкары аскерге милдеттүү жарандардын бирдиктүү реестри түзүлөт. Реестрге аскерге жарамдуулардын жеке маалыматтары, жашаган жери, адистиги кошо жазылат. Базага маалыматтар мамлекеттик башка ресурстардан автоматтык түрдө түз келип түшөт.

Өзгөртүүлөрдүн кабыл алынышы менен аскерге чакыруу "Мамлекеттик кызмат көрсөтүү" порталындагы "Жеке бөлмөгө" жайгаштырылгандан тартып, жарандын "колуна тийди" деп эсептелет. Бул тууралуу Думанын коргоо комитетинин башчысы Андрей Картаполов билдирди. Анын айтуусунда чакыруу менен комиссариатка келбеген жаран кийинки чакырууну алганда эки жума ичинде аскер комиссариатына келиши абзел. Бул аскерге милдеттүү бардык жарандарга тиешелүү. Картаполов жаңы мыйзам быйыл жазгы аскерге чакырылуучуларга карата колдонулбай турганын кошумчалады.

Чакыруу жеке бөлмөгө жайгаштырылгандан кийин аскер комиссариатына келбеген жарандарга чет жакка чыгууга тыюу салынат. 20 күн аралыгында аскер комиссариатына келбеген жарандарга жеке ишкер катары катталууга, автоунаасын каттатууга, автоунаа айдоого, насыя алууга тыюу салынат.

2018-жылдан баштап талкууланып, кийин жылдырылган бул мыйзам долбоору Мамдумага 10-апрелде киргизилген.

SOTA Телеграм-каналы депутаттар мыйзам долбоорун кароодон мурда 60 беттен турган өзгөрүүлөр менен кененирээк таанышууга жетишпегенин жазды. КПРФ фракциясынын эки депутатынын бул тууралуу эскертүүсүнө спикер Вячеслав Володин жооп берип, "парламенттин ишине жолтоо болбоого" чакырганын жазды SOTA.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков электрондук чакыруу жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышы коомчулукту дүрбөлөң түшүрүп, эмиграциянын жаңы толкунуна себеп болбошу керектигин шейшембиде журналисттерге билдирди.

Журналисттин "мобилизациянын экинчи толкуну болсо, аскерге чакыруулар мамлекеттик портал аркылуу жүрөбү?"деген суроосуна "эч кандай экинчи толкун жок" деп жооп бергенин "Коммерсантъ" басылмасы белгиледи.

Мамдума кабыл алган мыйзам долбоорун Федерация Кеңеши 12-апрелде карап, кабыл алышы күтүлүүдө. Президент кол койгон соң, мыйзам күчүнө кирет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG