Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:03

Активист Улукбек Маматаев үй камагына чыкты


Улукбек Маматаев, сүрөттү "Азаттыктын" кабарчысы Кундуз Кызылжарова тарткан.
Улукбек Маматаев, сүрөттү "Азаттыктын" кабарчысы Кундуз Кызылжарова тарткан.

1 2-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча былтыр октябрда камакка алынган "Бириккен демократиялык кыймылдын" мүчөсү Улукбек Маматаевди 20-июнга чейин үй камагына чыгарды.

Маматаев тергөө койгон айыптар менен макул эместигин, Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандардын укугу тиешелүү деңгээлде корголушу зарылдыгын айтып, бул үчүн күрөшөрүн билдирди. Ал президент Садыр Жапаровго бул иш боюнча бурмаланган маалымат жеткен деп эсептерин айтты.

Март айынын аягында Маматаев президент Садыр Жапаровго оор операциядан кийин медициналык кароого жана реабилитацияга муктаж экенин айтып, "биздин саламаттыгыбыз жана өмүрүбүз сиздин жоопкерчилигиңизде болот" деп кайрылган.

Ал март айында операция болуп, оор абалда реанимацияда бир нече күн жаткандан кийин №1 тергөө абагына которулган.

Ушул эле соттун чечими менен бул күнү камактагы саясатчылар Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева жана Мамбетжунус Абылов да үй камагына чыгарылды.

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпы 30га жакын адам жапырт кармалган. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Бир нечеси саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Милиция кармалгандар бийликти басып алууга аракет кылганын айтып, далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камактагылар муну бийликти сындаганы үчүн саясий куугунтук деп атап келишет.

Президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад боюнча кармалгандардын иши тууралуу бир нече жолу комментарий берип, бул маселеге акыркы чекитти сот коёрун айткан.

Ошондой эле ортодогу талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирип, камалгандарды “Төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан.

Бир катар эл аралык уюмдар Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын ишин калыс кароого, аларды бошотууга бийликти чакырган. (BCh/KS)

XS
SM
MD
LG