Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:58

Бүргөндү газ кампасы: Кыргыз тарап Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берди


Бүргөндү массивиндеги газ бургулоочу жабдык. Баткен. (архивдик сүрөт)
Бүргөндү массивиндеги газ бургулоочу жабдык. Баткен. (архивдик сүрөт)

Баткен облусунун Бүргөндү массивиндеги газ кампаны биргелешип иштетүү боюнча Кыргызстан жана Өзбекстандын мекемелер аралык жумушчу топтору 10-апрелде Кадамжай районунда жолугушту.

Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы 11-апрелде билдирди. Маалыматка караганда, тараптар аймактагы жер алдында жайгашкан газ кампасын калыбына келтирүү маселесин талкуулашты.

Жолугушууга Кыргызстандан энергетика министринин орун басары Таалайбек Толубаев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев, "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасынын директору Сүйүнтбек Аликеев баштаган жумушчу топ катышкан.

Бүргөндү массивиндеги газ кампасынын мүмкүнчүлүгүн изилдөө, калыбына келтирүү долбоорун даярдоо тууралуу документке Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин былтыр жыл аягында Кыргызстанга болгон иш сапарында кол коюлган.

Эки тараптын 10-апрелдеги кездешүүсүндө газ кампасын ишке киргизүүдөгү жол карта талкууланып, мындан аркы иш-аракеттер аныкталганын, эки өлкөнүн Энергетика министрликтери долбоордун техника-экономикалык негиздемесин даярдоо боюнча жол картага кол коюшканын Bright Uzbekistan басылмасы 11-апрелде жазган.

Бүргөндү массивиндеги жер алдындагы газ кампа Кыргызстандын "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик мекемесинин карамагында.

Былтыр кыргыз өкмөтү Баткендин мунай менен газын бирге иштетүү жана сырттан транзит менен ташып келүүдө Өзбекстан менен кызматташуу үчүн газ, мунай жана күйүүчү-майлоочу майды ташуу боюнча "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасын түзгөн.

Анын курамына Кадамжай районунун мурда Өзбекстан иштеткен "Түндүк Сох" жана "Чоң Кара-Калча" (Чонгара-Галча) мунай-газ чыккан аймактардагы газ-техникалык курулмалар өткөрүлүп берилген. Андан тышкары мекеменин Ош жана Баткен, "Сох жаратылыш газын сактоо" филиалдары түзүлгөн.

Эки тарап Баткенде газ бургулоочу биргелешкен ишкана ачарын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 2021-жылы 26-мартта маалымат жыйында да билдирген. Анда тараптар Баткендеги Бүргөндү аймагындагы "Түндүк Сох" газ кампасын биргелешип пайдалана турганы айтылган.

Жогорку Кеңеш 2011-жылы 13-майда аталган мунай-газ кендерин Кыргызстандын карамагына өткөрүп алууну өкмөткө тапшырган токтом кабыл алган. Аймактан Өзбекстанга чийки мунайды ташууга тыюу салынып, аларды "Кыргызнефтегаз" ишканасынын карамагына өткөрүү чечими чыкканы менен ушул убакка чейин кендин аймагын өзбек аскерлери кайтарып келген.

2022-жылы Мамлекеттик мүлк фонду өзбек тараптан мунай кендерин жана газ кампасы менен курулмаларын өткөзүп алуу иши толук аяктаганын билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG