Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

Салиев: 2023-жылдын төрт айында бажыдан казынага 20,7 млрд. сом түштү


Мамлекеттик бажы кызматы.
Мамлекеттик бажы кызматы.

2023-жылдын алгачкы төрт айында Мамлекеттик бажы кызматына жалпы 20 млрд. 700 млн. сомдон ашуун каражат түштү.

Бул тууралуу аталган кызматтын төрагасынын орун басары Алмаз Салиев бүгүн, 12-апрелдеги басма сөз жыйында маалымдады. Анын айтымында, Финансы министрлиги пландаган бажы төлөмдөрүнөн 1 млрд. сомго ашыкча каражат түшкөн.

"19,7 млрд. сом өлчөмүндөгү каражат түшөт деп божомолдонгон. Иш жүзүндө түшкөн каражаттын суммасы 20,7 млрд. сом болуп, белгиленген планды 105% ашык аткардык. 1 млрд. сомго жакын ашыкча акча түшүрдүк", - деди Салиев.

Министрлер кабинетинин 2022-жылдын декабрь айындагы отчету боюнча, бажыдан түшө турган төлөмдөр былтыр 24 млрд. сомго аз аткарылган.

Кыргыз өкмөтү 2023-жылдын консолидацияланган бюджетин 503,4 млрд. сом болот деп бекиткен. Бул ушул жылдын бюджетинен 99 млрд. сомго көп. 2023-жылдын расмий белгиленген бюджеттик тартыштыгы 21 млрд. сомдон ашары болжолдогон. (BCh)

XS
SM
MD
LG