Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Космонавт Корсаков президентке Ысык-Көлдүн космостон тартылган сүрөтүн берди


Космонавт Сергей Корсаков Садыр Жапаровго Ысык-Көлдүн космостон тартылган сүрөтүн тапшырды. Бишкек. 12-апрель, 2023-жыл
Космонавт Сергей Корсаков Садыр Жапаровго Ысык-Көлдүн космостон тартылган сүрөтүн тапшырды. Бишкек. 12-апрель, 2023-жыл

Бишкек, мурдагы Фрунзе шаарында туулуп-өскөн, орусиялык космонавт Сергей Корсаков 12-апрелде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болуп, ага Ысык-Көлдүн космостон тартылган сүрөтүн, өзү менен кошо космоско ала барган, Эл аралык космос станциясынын мөөрү басылган Кыргызстандын желегин тартуу кылды.

Садыр Жапаров Сергей Корсаковду кесиптик майрамы - Эл аралык космонавтика күнү менен куттуктады.

"Биздин учурда ар бир экинчи бала космонавт болууну кыялданчу. Менимче, сиз да ошолордун арасында болгонсуз. Бактыга жараша, сиздин кыялыңыз орундалды. Ааламдын бардык кооздуктарына суктануу жана космос мейкиндигин изилдөө мүмкүнчүлүгүңүздүн узак мөөнөттүү жана оңтойлуу болушун каалайм", - деди Жапаров.

Корсаков Эл аралык космос станциясынын бортунда жеке буюмдарды алууга чектөөлөр бар экенине карабастан, өзү менен кошо Кыргызстандын жана туулуп-өскөн Бишкек шаарынын желектерин ала кеткенин айтып берди.

Сергей Корсаков 1984-жылы мурдагы Фрунзе, азыркы Бишкек шаарында туулган, борбор калаадагы №24 А.Токомбаев атындагы мектепте окуган. Ал убагында "Союз МС-21" космос кораблинин бортунан кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен, бишкектиктерди Шаар күнү менен куттуктаган.

Кыргызстандын Өзгөн шаарында туулуп-өскөн орусиялык космонавт Салижан Шарипов да космоско Кыргызстандын желегин алып чыккан. Учурда ал окуган мектеп космонавттын атын алып жүрөт.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG