Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:24

Кемпир-Абад иши: Сот Журабаева менен Капаровду да үй камагына чыгарды


Гүлнара Журабаева (солдо) укук коргоочу Азиза Абдирасулова менен. Бишкек. 12-апрель, 2023-жыл
Гүлнара Журабаева (солдо) укук коргоочу Азиза Абдирасулова менен. Бишкек. 12-апрель, 2023-жыл

Биринчи май райондук соту бүгүн, 12-апрелде Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, тергөө абагына камалган Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеванын да бөгөт чарасын өзгөрттү. Сот чечимине ылайык, Журабаева 20-июнга чейин үй камагында болот.

Ушул эле соттун чечими менен активист Чыңгыз Капаровдун да бөгөт чарасы өзгөрүп, үй камагына чыкты. Капаров саламаттыгына байланыштуу 11-апрелде тергөө абагынан ооруканага которулган.

Биринчи май райондук сотунун 12-апрелдеги чечим менен Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камакта отурган Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Улукбек Маматаев жана Таалайбек Мадеминов да үй камагына чыгарылды.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган Илгиз Шаменов 10-апрелде ооруканага жаткырылган. Бул ишке байланыштуу кармалып, камалган Перизат Суранова, Орозайым Нарматова, Нурланбек Асанбеков, Талантбек Эшалиев мурда ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

2022-жылдын октябрында Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылык билдиргендердин жыйыны өткөн.

Андан кийин курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын 20дан ашыгы камакка алынган. Мындан сырткары аларга тилектеш дагы бир нече адам кармалган.

Кемпир-Абад иши жашыруун деген макам алдында карала турганы 18-январда белгилүү болгон. ИИМ бул боюнча жана корутунду тууралуу комментарий бере элек. Адвокаттар аны ачык өткөрүү арызы менен сотко кайрылышкан.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар өздөрүнө козголгон иштерди саясий куугунтук деп атап келет. Президент Садыр Жапаров былтыр 17-декабрда "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде, Кемпир-Абад маселеси абакта жаткандар үчүн "төңкөрүш кылып бийликти алмаштыруу аракетине тек гана шылтоо болгон" деп айткан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. “Массалык башаламандыкка” шектелип кармалгандардын арасынан 4-5 кишиге кошумча айып коюлганы кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG