Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:39

Зулушев активист Жекшеналиевге суралган жаза мөөнөтү тууралуу маалымат берди


Ырыс Жекшеналиев жарыш сөз сүйлөп жатат. Биринчи май райондук соту, Бишкек. 11-апрель, 2023-жыл.
Ырыс Жекшеналиев жарыш сөз сүйлөп жатат. Биринчи май райондук соту, Бишкек. 11-апрель, 2023-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Сеид Атамбаев 12-апрелдеги сессияда массалык башаламандыкка айыпталып кармалган активист, саясатчылардын үй камагына чыгып жатканын кубаттады. Башкы прокуратураны блогер, активист Ырыс Жекшеналиевдин ишине да көңүл бурууга чакырды. Ал мамлекеттик айыптоочу сураган алты жыл жаза мөөнөтүн туура эмес деп эсептейт.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 20 жаштагы блогердин иши мыйзам чегинде караларын айтты.

“Жаш бала боюнча прокурорлордун сурап жатканы боюнча мыйзамды карайлы. Эгерде күнөөсү далилденип, мыйзамда ошондой жазылса, айласыз сурашы мүмкүн. Сиз жиберсеңиз, жаш бала болсо, жардам берүүнүн мыйзамдуу жолун карап чыгалы”, - деди Зулушев.

Фейсбуктагы “Полит Узник” баракчасынын администратору, “бийликти басып алууга, жапырт башаламандык кылууга үндөгөн” деп шек саналып жаткан Ырыс Жекшеналиев 11-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда жарыш сөзгө чыкты. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, адам пикиринин эркиндиги боюнча Конституциялык укугу бар экенин белгиледи.

Ага чейин соттук териштирүүдө прокурор активистти күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыратууну сураган. Активисттин соту 19-апрелде уланат.

Жекшеналиев былтыр августта кармалган. Буга ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “Полит Узник” баракчасына чыгарганы негиз болгон. Тергөө абагында эки ай отурган активистти Бишкек шаардык соту былтыр 26-октябрда үй камагына чыгарган.

Активистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Калайман башаламандык”) 3-бөлүмү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен кылмыш иши козголгон.

Буга байланыштуу Жекшеналиев Юридика академиясынан чыгарылган. Кийин окуусун кайра улантууга мүмкүнчүлүк алган. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG