Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Зулушев: Орусияда абакта отургандар согушка өз каалоосу менен кеткен


“Вагнер” менчик аскердик компаниясынын кеңсеси. Санкт-Петербург, 20-ноябрь 2022-жыл.
“Вагнер” менчик аскердик компаниясынын кеңсеси. Санкт-Петербург, 20-ноябрь 2022-жыл.

Жогорку Кеңештин башкы прокурор Курманкул Зулушев катышкан 12-апрелдеги жыйынында Орусияда абакта жаткан кыргызстандыктардын маселеси дагы көтөрүлдү. Депутат Өмүрбек Бакиров Орусиянын абактарынан кыргызстандыктар согушка кандай шартта кеткенине жана алардын саны канча экенине кызыкты.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Абдыкадыр Разаев учурда Украина-Орусия согушунда канча кыргызстандык жүргөнү жөнүндө маалыматты депутаттын өзүнө берерин билдирди. Ал эми башкы прокурор Курманкул Зулушев Орусиянын абактарындагы кыргызстандыктар өз каалоосу менен согушка кетип жатканын маалымдады.

“Соттолуп жаткан, соттолуп отурган жарандар өз каалоосу менен барам десе, алып кетип жатышыптыр. Ал эми зордоп, күч менен алып кеткен факты жок. Биз барып тактап келдик”, - деди Зулушев.

Зулушев быйылкы жылдын үч айында Орусиядагы абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 15 адам Кыргызстанга экстрадицияланганын маалымдаган. 11-апрелде Жогорку Кеңешинин депутаты Мейкинбек Абдалиев комитеттердин биргелешкен жыйынында Орусияда жеке компаниялар абактагы мигранттарды согушка азгырып жаткан көйгөйдү айткан.

Ушул тапта Орусиядагы жабык жайларда миңден ашык кыргыз жараны камакта жатат. Орусияда "Вагнер" менчик компаниясы түрмөлөрдө отургандарды да согушка жалдап келатат.

"Вагнердин" катарында Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын жарандары да бар. Буга чейин орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган беш кыргызстандык каза болгону ачыкка чыккан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG