Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:16

Казандагы мектепте окуучуларды аткан Галявиев өмүрүнүн аягына чейин камалды


Илназ Галявиев
Илназ Галявиев

Татарстандын Жогорку Соту Казанда гимназияда окуучуларды аткылаган Илназ Галявиевди өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратты.

2021-жылдагы бул каргашада тогуз адам каза болгон.

2021-жылдын 11-майында 19 жаштагы Галявиев аңчылык кылган мылтык менен куралданып, өзү мурда окуган гимназияга кирип барып, туш келди ок аткан. Каза тапкандардын жетөө окуучулар, калгандары мугалимдер болгон. 30дан ашуун киши жараат алган. Галявиев полициянын колуна өзү түшүп берген. Эки жолку психологиялык-психиатриялык экспертиза анын акыл-эси жайында деп тапкан.

Ага адам өлтүрүү, бир нече кишинин, анын ичинде жашы жете электердин өмүрүнө кол салуу аракети, жардыргыч зат жасоо жана сактоо беренелери боюнча айып тагылган. Жабырлануучу деп табылгандардын саны 600дөн ашат.

Тергөө комитети Галявиев күнөөсүн моюнга алып, кылган ишине өкүнгөнүн билдирген. Тергөөчүлөр ал “Интернеттен көргөн кыйраткыч субмаданияттын өкүлдөрүн туурагысы келген” деп санашат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG