Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:15

Кумтөр кенинде калдык сактоочу жайды финляндиялык компания иштетет


"Кумтөр" кени.
"Кумтөр" кени.

Кумтөр алтын кениндеги калдык сактоочу жайды кайра иштетүү долбооруна финляндиялык Мetso Outotec аттуу компания тартылат. Бул тууралуу 14-апрелде "Кумтөр" компаниясынын басма сөз кызматы кабарлады.

"Кендеги калдык сактоочу жайды иштетүү боюнча атайын сынак өтүп, дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн ондогон компаниялар өз сунуштарын беришкен. Жыйынтыгында Финляндиянын Мetso Outotec компаниясынын калдыкты кайра иштетүү ыкмасы эң оптималдуу деп табылган. Бул компания дүйнөнүн элүүгө жакын өлкөсүндө өкүлчүлүктөрү бар, заманбап технологияларды колдонот".

Metso Outotec компаниясы интернеттеги ачык булактардагы дареги Финляндиянын баш калаасы Хельсинкиде деп көрсөтүлгөн. Оруси тилиндеги веб сайтында туруктуу өнүгүү технологияларды колдонуу менен кен жана металлургияны кайра иштетери, Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Армения жана Кыргызстан буюртма берери жазылган. Кыргызстандан кайсы компания менен иштешкени тууралуу маалымат жок.

16-мартта Кумтөрдөгү уу калдык көмүлгөн жерде 118 тонна алтын бар экенин Жогорку Кеңеште депутаттарга маалымат берип жатып "Кумтор Голд Компани" ишканасынын президенти Алмаз Барыктабасов билдирген. Компания кендеги калдык сактоочу жайды иштетип, жыл сайын 4,7 тоннадай алтын алууну пландап жатканы, муну менен киреше гана таппастан уу калдыкты зыянсыздандырса болорун айтып келет.

Жакында эле ишкананын мурдагы жетекчиси, коррупция үчүн кармалып, абакта отурган Тенгиз Бөлтүрүк 2025-жылы кендеги калдык сактоочу жай толуп калышы мүмкүн экенин эскерткен. Ишкана анын билдирүүсүн четке каккан.

Канадалык “Центерра Голд” башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган. Кыргызстан менен “Центерра Голд” 2022-жылы апрель айында доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” 26% акциясын өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан. Ал эми “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн. (BCh)

XS
SM
MD
LG