Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:05

2022-жылы Акыйкатчыга чет өлкөдөгү жарандардан 162 кайрылуу түшкөн


Орусиядагы миграттар элчиликтин өкүлдөрү менен жолугуу учурунда.
Орусиядагы миграттар элчиликтин өкүлдөрү менен жолугуу учурунда.

Акыйкатчы институтуна 2022-жылы чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктардан 162 кат түшкөн. Бул тууралуу аталган институттун бир жылдык отчетунда маалымат берилгенин мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Кайрылгандардын көбү Орусиядан, калгандары Казакстан, Түркия, Өзбекстан, Ирак, Тажикстан, Беларус, Украина, Кытай, Кипр жана Түштүк Кореядан жазышкан. Кайрылуулардын көпчүлүгү (кырктан ашууну) кылмыш жообуна тартылгандар, соттолгондор же жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардан болгон. Эмгек мигранттардын арасында социалдык, экономикалык, жарандык жана саясий укугун коргоону сурангандар да көп кайрылышкан.

Акыйкатчы институту мигранттар менен социалдык тармактар, WatsApp аркылуу, байланышып, аларга көмөк көрсөтүүгө аракет кылып жатканын белгилейт. Кайрылгандардын айрымдарына жардам көрсөтүлгөн.

"Алардын арасында Орусияда, Тажикстанда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан бир нече киши Кыргызстанга которулду. Казакстанда кармалган жаран бошотулду. Сентябрда Грузия менен Орусиянын чек арасында эки жума тыгында калган кыргызстандык жүк ташуучуларга укуктук жардам берилди".

Баш прокурор Курманкул Зулушев 11-апрелдеги Жогорку Кеңештин эки комитетинин жыйынында былтыр Орусиянын түзөтүү мекемелеринен 33 жаран алынып келингенин, быйыл жыл башынан бери 15 кишини экстрадициялоо ишке ашканын айткан. Учурда Орусиянын абактарында 1077 кыргыз жараны жаза өтөөдө. Алардын көбү баңгизат колдонуу, таратууга айыпталгандар.

XS
SM
MD
LG