Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:04

Amnesty International Тажикстандын президентине кайрылды


Абдулло Шамсиддин.
Абдулло Шамсиддин.

Эл аралык Amnesty International уюму Тажикстан президенти Эмомали Рахмонду оппозициячы Шамсиддин Саидовдун уулу Абдулло Шамсиддинди тез арада бошотууга үндөдү.

Уюм "Абдулло Шамсиддин Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясынын лидерлеринин биринин уулу болгондуктан куугунтукталып жатат" деп эсептейт. Тажикстан бийлиги буга комментарий бере элек.

Кайрылуунун авторлору тажик президентинен Абдулло Шамсиддиндин кайсы жабык мекемеде экенин ачыкка чыгарууну жана аны кыйноого албоону сурады.

Мурдараак эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Германиядан депортацияланган Абдулло Шамсиддин 7 жылга эркинен ажыратылганын кабарлаган. Ал “Тажикстандын конституциялык түзүмүн күч менен өзгөртүүгө чакырык жасоого” айыпталган.

Европа өлкөлөрүнүн биринде жашаган Абдуллонун атасы Шамсиддин Саидов уулу соттолгону тууралуу маалыматты тастыктаган.

Германияда 2009-жылдан бери жашап келген 32 жаштагы Абдулло Шамсиддин мекенине быйыл 18-январда депортацияланган. Буга Германиянын миграциялык кызматына өз учурунда каттоого турбаганы себеп болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG