Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:16

Славянскиде аткылоодон сегиз жай тургун набыт болду


Славянскидеги бомбаланган үй.
Славянскидеги бомбаланган үй.

Украинанын Донецк облусундагы Славянск шаарын орусиялык аскерлердин аткылоосунан сегиз жай тургун каза таап, 21 киши жараат алганын облустук аскердик администрациясынын башчысы Павел Кириленко 14-апрелде билдирди.

"Өлгөндөрдүн арасында эки жаштагы бала бар. Тилекке каршы урандылардын алдынан алып чыккан соң, наристени сактап кала албадык", - деп жазды Кириленко Фейсбуктагы баракчасына.


Аткылоодон шаардагы көп кабатуу имараттар, дүкөн, мамлекеттик мекеме, мектеп жана бир нече автоунаа жабыркады. Кириленконун сөзүнө караганда, урандылардын арасында дагы беш адам калды. Аларды куткаруу иштери уланууда.

Орус аскерлери Славянск менен чогуу эле Краматорск жана Константиновкага да чабуул жасашты. Баштапкы маалыматтар боюнча жабыркагандар жок.

Орусиялык аскерлер Донецк облусун дээрлик күн сайын аткылоодо. Аймактык бийлик жергиликтүү тургундарды коопсуз жакка кетүүгө үндөп келет.

Орусия Украианага 2022-жылы 24-февралда кол салган.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссариаты (OHCRH) Орусия Украинага каршы согуш ачкандан бери 8500 карапайым кишинин өлүмү тастыкталганын билдирди жана реалдуу сан мындан миңдеп ашарын болжолдойт. Маалыматка ылайык, 14 244 адам жаракат алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG