Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:10

Пентагондун жашыруун маалыматтарын таратууга шек саналган адамга айып тагылды


Жек Тейшейра.
Жек Тейшейра.

Пентагондун жашыруун маалыматтарын таратууга шек саналып жаткан чалгын кызматкери Жек Тейшейрага документтерди мыйзамсыз көчүрүп, таратканы үчүн айып тагылды. Азырынча ага бир гана документ боюнча айып тагылууда, жалпы жүздөн ашык документ болушу ыктымал.

Бостондо өткөн соттук угууда 21 жаштагы чалгынчыга тыңчылык мыйзамынын эки пункту боюнча айып тагылды. Анын бири жашыруун маалыматтарды мыйзамсыз көчүрүү жана таратуу, экинчиси коргонуу материалдарын уруксат берилбеген жерге мыйзамсыз жеткирүү.

Азырынча Тейшейрага Украинанын согуштагы макамы сүрөттөлүп, аскердик аракеттери жазылган маалымат боюнча гана айып тагылды.

Эксперттердин айтымында, тергөөчүлөр ар бир жарыяланган документти өзүнчө карап чыгат.

Тыңчылык мыйзамын бир жолу бузган адам АКШда он жылга чейин эркиндигинен ажыратылат.

Соттук угуу кыска болду. Тейшейра өзүнүн унчукпоо укугун билерин ырастады. Ага мамлекеттик адвокат берилди. Прокурор айыпталуучуну сотко чейин камакка алууну талап кылды. Бул маселе келерки шаршембиде, 19-апрелде сотто чечилет.

Тейшейранын өзү жана жакындары журналисттерге комментарий берген жок.

21 жаштагы чалгын кызматкери 13-апрелде Массачусетстеги үйүндө кармлган. The Washington Post басылмасы ал Пентагондун жашыруун маалыматтарын интернеттеги Discord оюн платформасындагы чатка жайгаштырганын жазган.

Сотто ФБРдин агенти билдиргендей, Тейшейрага жашыруун маалыматтар 2021-жылдан бери жеткиликтүү болуп келген. Эксперттер аскердик чини төмөн кызматкердин колуна жашыруун документтер кандайча тийип калганы суроо жаратып жатканын айтышууда. Бул маселени АКШнын Коргоо министрлиги чечиши керек.

Reuters маалымдагандай, ачыкка чыгып кеткен жашыруун документтер жүздөн ашуусу мүмкүн.

2010-жылы WikiLeaks сайтына АКШнын 700 миңден ашуун жашыруун документтери, видео жана дипломаттык телеграммалары жарыяланып кеткен. Пентагон аны "атайылап жасалган кылмыш" деп атаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG