Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

№26 Ленин шайлоо аймагынан депутаттыкка 17 адам арыз берди


БШКнын имараты.
БШКнын имараты.

ЭрК партиясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылыштарынын депутаты Турсунбай Бакир уулу Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышууга арыз берди.

Бул тууралуу 15-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) маалымдады. Муну менен мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого катышууга арыз тапшыргандардын саны 17 кишиге жетти.

Округ боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо быйыл 28-майда өтөт. Боршайком шайлоонун жалпы сметасын 18 млн. 636 миң 500 сом деп эсептеген.

Боршайком 27-мартта Жогорку Кеңештин депутаты, "Мекенчил" фракциясынын мүчөсү Жаныбек Абировду өзү жазган арызына байланыштуу мандаттан ажыраткан.

Буга Бишкектеги ресторандардын биринде Абиров катышкан мушташ себеп болгон. Окуядан 26 жаштагы күзөтчү мээси чайкалып, мурду сынып ооруканага түшкөн.

Милиция 13-мартта мушташка катышы бар деген шек менен эки адамды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козгогон.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG