Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:41

Маңзат сатууга айыпталган жаран 13 жылга эркинен ажыратылды


Ички иштер министрлиги тараткан сүрөт.
Ички иштер министрлиги тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлиги маңзат сатууга байланыштуу кармалган эки жаранга сот өкүмү чыкканын 17-апрелде билдирди.

Былтыр жазында министрликтин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Telegram баракчасы аркылуу маңзат саткан KG_Svetofor баракчасынын 32 жаштагы ээсин жана анын шеригин кармаган. Алар синтетикалык маңзатты онлайн сатуу тармагын уюштурган деп айыпталган.

Маалыматта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту маңзат сатууга айыпталгандар боюнча чечим чыгарганы, анда чет өлкөлүк жаран Илья Л. 13 жылга абакка кесилгени айтылат. Ал эми анын шериги И. Надеждага 80 миң сом айып пул салынган.

Министрлик билдиргендей, соттук жазага тартылган чет өлкөлүк жаран Л. Илья 1990-жылы, И. Надежда 1999-жылы туулган. Аларды текшерүү учурунда маңзат салынган беш куту жана таңгакталган он даана гашиш табылган. Андан тышкары наркотикалык лаборатория аныкталып, андан 60 грамм марихуана жана ар кандай түстөгү 2 кг 327 граммдык психотроптук каражаттар чыккан.

Өткөн айда маңзат жеткирип иштегени айтылган кишилердин сабалганы тартылган видео тарап, бул боюнча ИИМ териштирүү учурунда үч шектүүнү кармаганын билдирген.

Министрлик Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) менен кылмыш иши козголгонун, анда мүлкүн алып коюу менен он жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу каралганын билдирген. Маңзат менен алектенген топтон жапа чеккендерди милиция бөлүмүнө кайрылууга чакырган.

Министрликтин маалыматына ылайык, былтыр 230 килограммдан ашык психотроптук заттар алынып, онго жакын баңгизат лабораториясынын иши токтотулган. (TAb)

XS
SM
MD
LG