Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:07

Акылбек Жапаров Маркелов менен газдаштыруу маселесин сүйлөштү


Акылбек Жапаров менен Виталий Меркеловдун жолугушуусу.
Акылбек Жапаров менен Виталий Меркеловдун жолугушуусу.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 17-апрелде орусиялык “Газпром” ишканасынын төрагасынын орун басары Виталий Маркелов менен жолукту. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда тараптар өз ара кызматташууну, 2030-жылга чейин Кыргызстанды газ менен камсыздоо жана газдаштыруунун башкы схемасынын алкагындагы мындан аркы чараларды талкуулады. Мындан сырткары, тараптар газ менен камсыздоо маселелери жөнүндө күз-кыш мезгилинин жыйынтыгы тууралуу пикир алышты.

"Акылбек Жапаров “Газпромдун” өлкөдө спортту өнүктүрүүгө жана билим берүү тармагын колдоого көңүл буруп жатканын жогору баалап, бир катар социалдык жана спорттук объектилерди куруп жатканы үчүн ыраазычылык билдирди",- деп жазылган маалыматта.

Ушул жылдын башында Акылбек Жапаров Бишкектеги ыш көйгөйүнөн улам шаардын жака белиндеги 20 конушту жакын арада газдаштыруу керектигин билдирген. Ал тиешелүү министрликтерге жана Бишкек шаардык мэриясына бул жаатта “Газпром” менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырган.

2014-жылы Кыргызстандын “Кыргызгаз” ишканасы символикалуу түрдө Оруcиянын “Газпромуна” 1 АКШ долларына сатылып, “Газпром-Кыргызстан” компаниясы түзүлгөн. Кийин ага "Ошгаз" ишканасы да өткөн. Ортодо түзүлгөн келишимде компания Кыргызстандын аймактарына газ түтүктөрүн орнотуп, бул багыттагы инфраструктураны өнүктүрүүгө беш жыл ичинде 20 млрд. рубл жумшоону убада кылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG