Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Судандагы кагылышта 100гө жакын адам каза тапты

Суданда 16-апрелде тартылган сүрөт.
Суданда 16-апрелде тартылган сүрөт.

Суданда армия менен “Ыкчам колдоо күчтөрү" тобунун ортосундагы куралдуу кармаш үчүнчү күн катары менен уланууда. Кагылышууда 100дөй адам өлүп, миңден ашууну жараат алганын BBC радиосу 17-апрелде кабарлады. Reuters агенттиги 83 киши каза болгонун жазды.

Судандагы куралдуу кармаштан Бириккен Улуттар Уюмуна караштуу Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын үч кызматкери каза таап, экөө жараат алды.
Мындан улам Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Судандагы гуманитардык ишин убактылуу токтотуп жатканын, уюмдун Хартумдагы учагына да зыян келгенин "Ассошиейтед пресс" жазды.

Судандын Хартум баштаган бир катар шаарларында армиянын кол башчысы, генерал Абдел Фаттах Аль-Бурхандын аскерлери менен Мохаммед Хамдан Дагало жетектеген “Ыкчам колдоо күчтөрү" тобунун ортосунда куралдуу кагылышуу болууда. Соңку кармаштарга кезинде бири-бирин өнөктөш санаган эки генералдын бийлик үчүн күрөшү себеп болду.

Аль-Бурхан менен Дагало 2021-жылдын октябрь айында Судандагы аскердик төңкөрүштү чогуу уюштуруп, өлкөдө демократиялык башкарууга өтүү аракети үзгүлтүккө учураган.

Жекшемби күнү алар жарадарларды жана жайкын тургундарды эвакуациялоо үчүн кыска мөөнөттө ок атышпоону макулдашкан.

​
XS
SM
MD
LG