Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:00

УКМК он салык кызматкери коррупцияга шек саналып кармалганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети он салык кызматкери коррупцияга айыпталып, кармалганын билдирди. Атайын кызматтын 17-апрелде тараткан маалыматына караганда, кармалгандар ишкерлер менен жең ичинен сүйлөшүп алып, алардын 100 миллион сомдон ашык салыгынын көлөмүн атайлап азайтканы аныкталган.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүмү (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголуп, Мамлекеттик салык кызматынын он инспектору камакка алынган.

УКМК учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды жана мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Өкмөт өлкөдөгү көмүскө экономиканы азайтуу жана ишкерлердин ачык-айкын иштеши үчүн салык эрежелерин өзгөрткөн. Кассалык-көзөмөл машиналардын жана товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүн ишке киргизүүгө каршы чыгып, нааразылык акциясына чыккандар да болгон.

Кыргыз өкмөтү электрондук кагаз толтурууга өткөндөн тартып көмүскө соода азайып, салык көп чогулуп жатканын жүйө келтирүүдө.

Расмий маалыматка ылайык, былтыр 208 миллиард сомго жакын салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогулган. Өкмөт бул белгиленген пландан 3,7 миллиард сомго жана мурдагы жылга караганда 63,8 млрд. сомго көп экенин билдирген. (TAb)

XS
SM
MD
LG