Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Кремлдин сынчысы Владимир Кара-Мурза 25 жылга кесилди


Владимир Кара-Мурза сот залында.
Владимир Кара-Мурза сот залында.

Москва шаардык соту оппозициялык саясатчы Владимир Кара-Мурзаны 25 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кести. Ага "мамлекетке чыккынчылык кылган, орус армиясы тууралуу жалган маалымат тараткан" деген өңдүү бир катар айып коюлган. Сот өкүмү 17-апрелде чыкканын "Интерфакска" таянып "Азаттыктын" орус кызматы жазды.

Отурумга Орусиянын мамлекеттик агенттиктеринин гана кабарчылары киргизилди, 50гө жакын башка журналисттерге өзүнчө бөлмөдө трансляция уюштурулду. Mediazona басылмасы Кара-Мурзаны сот залына алып киргенде эфирдин үнү өчүрүлгөнүн жазды.

Кара-Мурзанын ишин кароо Москва шаардык сотунда март айында башталган. Кылмыш ишинин материалдары жашыруун деген негизде жабык каралды.

Саясатчы 2022-жылы апрелде камакка алынып, ага каршы "Орус армиясы тууралуу жалган маалымат таратуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Буга анын Кошмо Штаттардын Аризона штатындагы мыйзам чыгаруучулардын алдында орус бийлигин жана Украинадагы согушту сындаган сөздөрү себеп болгон.

Орусиянын Юстиция министрлиги Владимир Кара-Мурзаны "чет элдик агент" деп тааныган.

Ага былтыр октябрда Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясынын адам укугун коргоо жаатындагы Вацлав Гавел атындагы сыйлык ыйгарылган.

Орусиялык көз карандысыз журналисттер жана укук коргоочулар өткөн жумада оппозициялык саясатчы Владимир Кара-Мурзага козголгон кылмыш ишин токтотуп, аны тез арада бошотууну талап кылышууда.

10-апрелде Кара-Мурза акыркы сөзүн сүйлөгнд өзүнө тагылган күнөөнү мойнуна алган эмес жана ишмердиги менен сыймыктанарын айткан.

Оппозициячынын Твиттер баракчасына жарыяланган сөзүндө ал Орусиядагы укуктук абалды 20-кылымдын 1930-жылдарына салыштырган. Саясатчы эртеби-кечпи орус коому өзгөрөт деген үмүтүн билдирген.

Көз карандысыз маалымат каражаттарынын эсебинде Орусия Украинага басып киргенден бери 200гө жакын жаранга "орус армиясы тууралуу жалган маалымат тараткан" деген айып тагылды.

XS
SM
MD
LG