Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:47

Словакия дагы Украинадан дан импорттоого убактылуу тыюу салды


Иллюстрация
Иллюстрация

Словакиянын бийлиги дүйшөмбү күнү Украинадан дан жана башка айыл чарба азыктарын импорттоого убактылуу тыюу салды. Бул жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү коргоо максатында жасалууда. Мурдараак Польша менен Венгрия ушундай чектөө киргизген. Болгария да ушул кадамды караштырууда.

Польша жана Венгрия украин буудайынын импортуна тыюу салгандан кийин Европа комиссиясы соодадагы бир тараптуу чаралар кабыл алынгыс экенин эскертти. Варшава менен Будапешт өздөрүнүн айыл чарба тармагынын кызыкчылыктарын коргоп жатканын айткан.

Согушка байланыштуу Украинанын товарлары 2024-жылдын жайына чейин бажы төлөмдөрүнөн бошотулгандыктан, ал жактан чыккан айыл чарба продукциясы арзан болууда.

Логистикалык маселелерден улам миллиондогон тонна буудай кошуна өлкөлөрдөгү кампаларда топтолуп калган. Натыйжада баа арзандап, жергиликтүү дыйкандардын продукциясы мурдагыдай өтпөй калган.

Ишембиде Украинанын Азык-түлүк жана айыл чарба министрлиги Польшанын соңку чечими экспорт жаатында эки тараптуу келишимдерге каршы келерин билдирип, маселени чечүү үчүн сүйлөшүү жүргүзүүгө чакырган.

Апрелдин башында Румынияда фермерлер укрианалык арзан буудай-арпанын каптаганына нааразылыгын билдирип, Еврокомиссияны кийлигишүүгө үндөгөн.

Украина - дан эгиндерин, өсүмдүк майын дүйнөлүк рынокко чыгарган негизги өлкөлөрдүн бири.

XS
SM
MD
LG