Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:01

Кемпир-Абад иши: Дагы алты киши абакта калды


Атай Бейшенбек, Жеңиш Молдокматов жана Илгиз Шаменов (үстүңкү катар, солдон оңго карай), Тимур Махмудов, Акыл Айтбаев жана Марат Баязов (астыңкы катар, солдон оңго карай). "Азаттыктын" коллажы.
Атай Бейшенбек, Жеңиш Молдокматов жана Илгиз Шаменов (үстүңкү катар, солдон оңго карай), Тимур Махмудов, Акыл Айтбаев жана Марат Баязов (астыңкы катар, солдон оңго карай). "Азаттыктын" коллажы.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 17-апрелде Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган саясатчы-активисттер Атай Бейшенбек, Жеңиш Молдокматов, Илгиз Шаменов, Марат Баязов, Акыл Айтбаев жана Тимур Махмудовдун бөгөт чарасын карап, аларды тергөө абагында калтырды.

Бүл күнү Кемпир-Абад ишинин алкагында жалпы 16 кишинин бөгөт чарасы каралмак. Райондук сот укук коргоочу Рита Карасартованын адвокаты ооруп калгандыктан, анын бөгөт чарасын кароону 18-апрелге жылдырган.

Калган тогуз киши – экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров, Улуттук коопсуздук комитетинин экс-төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов, саясатчы Бектур Асанов, журналист Айданбек Акматов, жарандык активист Эрлан Бекчоро уулу жана блогер Али Шабдандын абактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылган. Алар 20-июнга чейин тергөө абагында болушат.

12-апрелде Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, тергөө абагында жаткан Гүлнара Журабаеваны, активист Чыңгыз Капаровду, Клара Сооронкулованы, Асия Сасыкбаеваны, Улукбек Маматаевди жана Таалайбек Мадеминовду үй камагына чыгарган.

Ушул ишке байланыштуу тергөө абагында отурган Илгиз Шаменов 10-апрелде ооруканага жаткырылганы кабарланган. Бул иштен улам кармалып, камалган Перизат Суранова, Орозайым Нарматова, Нурланбек Асанбеков, Талантбек Эшалиев мурда саламаттыгынан улам үй камагына чыгарылган.

2022-жылдын октябрында Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылык билдиргендердин жыйыны өткөн.

Андан кийин курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын 20дан ашыгы камакка алынган. Мындан сырткары аларга тилектеш дагы бир нече адам кармалган.

Кемпир-Абад иши "жашыруун" деген макам алдында карала турганы 18-январда белгилүү болгон. ИИМ бул боюнча жана корутунду тууралуу комментарий бере элек. Адвокаттар аны ачык өткөрүү арызы менен сотко кайрылышкан.

Айыпталгандар өздөрүнө козголгон иштерди саясий куугунтук деп атап келет. Президент Садыр Жапаров былтыр 17-декабрда "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде, Кемпир-Абад маселеси абакта жаткандар үчүн "төңкөрүш кылып бийликти алмаштыруу аракетине тек гана шылтоо болгон" деп айткан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. “Массалык башаламандыкка” шектелип кармалгандардын арасынан 4-5 кишиге кошумча айып коюлганы кабарланган.

Эл аралык уюмдар, элчиликтер жана жергиликтүү укук коргоочулар Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын ишин калыс карап, кыргыз бийлигин аларды бошотууга чакырып келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG