Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:59

Астана талибдерге элчилик үчүн имарат берет


Казакстандын делегациясы талибдер менен жолугушууда. Архивдик сүрөт
Казакстандын делегациясы талибдер менен жолугушууда. Архивдик сүрөт

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги "Талибандын дипломаттарына" элчилик үчүн имарат берүү пландалып жатканы тууралуу маалыматты бышыктады. 17-апрелдеги брифингде мекеменин расмий өкүлү Айбек Смадияров Астана "Ооганстандын жаңы администрациясынын" алардын "дипломаттарын" аккредитациядан өткөрүү өтүнүчүн канааттандырганын билдирди.

Министрлик муну менен катар бул кадам талибдер бийлигин "таанууга жатпасын", аны БУУ гана чечерин баса белгиледи.

Буга чейин маалымат каражаттарында Казакстандын вице-премьери, соода министри Серик Жумангарин Кабулда "Талибандын" вице-премьери Абдул-Гани Барадар менен экономикалык маселелерди талкуулаганы жөнүндө кабар тараган. Маалыматта айтылгандай, талибдер Ооганстандын мурдагы бийлигинин дипломаттары ээлеп келген имаратты берүүнү сураган, казак тарап талибдердин өкүлдөрүн кабыл алууга убада кылды.

Брифингде "Азаттыктын" кабарчысы Ооганстандагы этникалык казактардын тагдыры тууралуу маселени козгоду. Смадияров Жумангариндин сапары учурунда алар менен кездешүү болбогонун айтты.

2021-жылдын августунда бийликке кайтып келген "Талибанды" дүйнөдөгү бир да өлкө тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG