Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:29

“Чоң Жети” Орусияга жардам бергендер “олуттуу кесепеттерге” туш болорун эскертти


“Чоң Жетинин” тышкы иштер министрлеринин жыйыны. Жапония, 18-апрель, 2023-жыл
“Чоң Жетинин” тышкы иштер министрлеринин жыйыны. Жапония, 18-апрель, 2023-жыл

“Чоң Жетинин” тышкы иштер министрлери Орусияга Украинага каршы согушта жардам бергендер “олуттуу кесепеттерге” туш болорун эскертишти. Жапониянын Каруидзава шаарында өткөн эки күндүк сүйлөшүүдөн кийин башкы дипломаттар Москвага каршы жаңы санкцияларды жарыялаган жок, бирок жазалоочу чараларды кыйгап өтүүгө, курал-жарак алуусуна көмөктөшкөндөргө катуу чаралар колдонорун, дагы бир саясий маселе жараткан Кытайга биргелешип туруштук беришерин билдиришти. Алардын жыйынтыктоочу билдирүүсүн Бээжин ачуулануу менен кабыл алды жана атайлап “жалаа жабуу” деп сыпаттады.

Жыйында Орусиянын “жоопкерчиликсиз өзөктүк риторикасына” сын айтылып, жыйын катышуучулары Москванын андай куралды Беларуска жайгаштыруу тууралуу эскертүүсүн “кабыл алангыс” деп аташты.

Министрлер Судандагы касташкан тараптарды кармашты токтотууга чакырышты. Ошондой эле “Талибан” кыймылынын аялдар менен азчылыктардын укуктарын бузуп жатканын дагы бир жолу айыпташты. Алар бейөкмөт уюмдарда жана БУУда иштеген аялдарга тиешелүү тыюуну “кабыл алынгыс” чечим деп атап, аны жокко чыгарууну талап кылышты.

"Талибан" бир нече апта мурун “жергиликтүү аялдар эл аралык уюмдун кеңселеринде иштей албайт” деп эскерткен. БУУ оогандык аял кызматкерлеринин иштөөсүнө салынган тыюуну "кабыл алынгыс, кыз-келиндердин укуктарын одоно бузган чечим" деп сыпаттаган жана ал өлкөдө калып-калбоо маселеси караларын билдирген.

“Чоң Жетиге" Британия, Германия, Италия, Канада, Франция, Жапония жана АКШ кирет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG