Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

9-майда Орусияда "Өлбөс полк" жүрүштөрү болбойт


"Өлбөс полктун" жүрүшү. Москва, 9-май, 2022-жыл
"Өлбөс полктун" жүрүшү. Москва, 9-май, 2022-жыл

Быйыл 9-майда Орусияда "Өлбөс полк" жүрүшү болбойт. Бул тууралуу анын уюштуруучулары билдиришти. Кыймылдын маалымат кызматы айтып бергендей, алар "бир көчө жана бир аянт" деген форматты өзгөртүп, орусиялыктарга баатырларды бир күн бою эскерүүнү сунуш кылышты.

Буга чейин Орусиянын Украина менен чектеш Курск жана Белгород облустарында, аннексияланган Крымда коопсуздук себептеринен улам Жеңиш парады болбойт деп кабарланган. Ал эми Москвадагы кызыл аянтта салттуу иш-чара өтмөкчү.

"Өлбөс полктун" жүрүштөрүн Томскидеги журналисттер 2012-жылы ойлоп тапкан. Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондордун сүрөттөрүн көтөрүп чыккан катышуучулар шаарларды аралап басчу. 2020 жана 2021-жылы акциялар пандемиядан улам онлайн уюштурулган. Былтыр кадимки форматта өткөн.

Орусия Украинага басып киргенден кийин акциянын негидөөчүлөрү согушту айыптап, мааниси бурмаланган жүрүштөргө аларды байланыштырбоону эскертишкен.

Кыргызстанда акция бир канча жолу уюштурулуп, мамлекет башчылар катышкан учурлар болгон.

Айрым постсоветтик өлкөлөр Орусиянын Украинадагы согуштук аракеттеринен улам былтыр "Өлбөс полк" жүрүшү өткөрүлбөй турганын билдиришкен.

Ал эми Бишкекте жана аймактарда былтыр акциялар уюштурулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG