Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:10

Кара-Мурзанын таламын талашкан адвокат Орусиядан чыгып кетти


Вадим Прохоров
Вадим Прохоров

Орусиялык белгилүү юрист ар кайсы мезгилдерде оппозициячыл маанайдагы Владимир Кара-Мурза, Илья Яшин, маркум Борис Немцовдун таламын талашкан адвокат Вадим Прохоров өлкөдөн чыгып кетти.

Ал бийлик өзүн кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп коркутушканын "Америка добушу" радиосуна берген маегинде билдирди.

Прохоров Кара-Мурзага сот өкүмү чыгардан бир канча күн мурун мамлекеттен кеткен. Өзүнүн дарегине саясатчылардан, судья, прокурордон коркутуу болгонун белгиледи. Маек Вашингтондогу студияда жаздырылган.

Вадим Прохоров адвокаттык кылган саясатчы, журналист Владимир Кара-Мурзаны 17-апрелде сот 25 жылга эркинен ажыраткан.

Ага "мамлекетке чыккынчылык кылган, орус армиясы тууралуу жалган маалымат тараткан" деген өңдүү бир катар айып коюлган. 10-апрелде Кара-Мурза сотто акыркы сөзүн сүйлөгөндө өзүнө тагылган күнөөнү моюнуна алган эмес жана ишмердиги менен сыймыктанарын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG