Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:21

Азербайжанда Иранга тыңчылык кылган деген шек менен 20 адам кармалды


Ирандын жана Азербайжандын желектери.
Ирандын жана Азербайжандын желектери.

Азербайжандын маалымат каражаттары Ирандын чалгындоо министрлигине тиешеси бар деген шек менен 20 адам камакка алынганын жазды. Алар 19-апрелде кармалган.

АПА маалымат агенттиги жазгандай, алар диний ишмердүүлүккө жамынып, “Ислам жумуриятын пропагандалоого, диний ырым-жырымдарды жайылтууга, Бакудагы секулярдык бийликти кулатууга аракет жасоого жана баңги заттарды сатууга катышкан” деп шек саналууда.

Аталган агенттик камакка алынгандардын айрымдары Иранда диний билим алганын, диний үгүт желектери менен түшкөн сүрөттөрүн жарыялады.

Тегеран менен Бакунун мамилеси акыркы айларда, өзгөчө Азербайжандын Ирандагы элчилигине жасалган куралдуу кол салуудан кийин чыңалып кетти.

29-январда куралчан адам элчиликтин күзөтчүсүн атып, дагы эки кишини жарадар кылган. Баку муну террордук акт деп, элчиликтеги кызматкерлери эвакуациялаган.

Азербайжанда парламент депутаты, кошуна Ирандын сындап жүргөн Фазил Мустафа 29-мартта октон жараат алган. Анын өмүрүнө кол салуу аракетине байланыштуу төрт киши камакка алынган.

Азербайжан Иранды "жикчил Тоолуу Карабак талашында Арменияны колдойт" деп айыптайт.

Иран көптөн бери өлкөдөү азербайжан улутундагы азчылык арасында "жикчил маанайды күчөтүүдө" деп Бакуну сындайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG