Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:40

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Украинага барды


Йенс Столтенберг
Йенс Столтенберг

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг мурда жарыяланбаган сапар менен Украинага барганын маалымат каражаттары 20-апрелде жазды.

Kyiv Independent гезити Столтенбергдин Киевдин борборунда курман болгон украин аскерлерин эскерип жаткан сүрөтүн жарыялады.

Альянстын расмий өкүлү AP агенттигине НАТОнун баш катчысынын Украинада экенин ырастады.

Маалыматка караганда, 19-апрелде Йенс Столтенберг Чехиянын президенти менен жолуккан. Алар башка маселелер менен катар Украинаны колдоо жаатында сүйлөшүшкөн.

Украин президенти Владимир Зеленский бир күн мурда Украина "Рамштайн" жолугушуусуна даярданып жатканын жана "кылдат чечимдерди" күтөрүн билдирген.

Украинаны коргоо боюнча байланыш тобунун кезектеги жыйыны 21-апрелде Рамштайн авиабазасында өтөт.

XS
SM
MD
LG