Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:39

Султанбаев чек арада кармалган 84 кг алтын боюнча түшүндүрмө берди


“Ак-Жол” өткөрмө бекетинен кармалган 84 кг алтын.
“Ак-Жол” өткөрмө бекетинен кармалган 84 кг алтын.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келатканда кармалган 84 кг алтын боюнча түшүндүрмө берди.

“Кабар” улуттук агенттигине берген комментарийинде ал өлкөдө 100дөн ашык компания алтын казарын жана алардын көбү руданы же концентраттарды Кытайга же Казакстанга алып барып, иштетип, алтынын бөлүп кайра Кыргызстанга алып келишерин айткан.

“Бул жерде 84 кг алтынды жашыралы деген эмес. Салыктан жашыралы деп ойлошкон деген пикирге келип атабыз. Анткени булар алтынды алып кирип келе жатканда салыкчыларга каттоого коюп, 60 млн. сомдун тегерегинде салык төлөшү керек эле. Ошону төлөбөй алып кирип келе жатып кармалышты. Кээ бирөөлөр бул окуяны “алтын чыгарып кетип жатып кармалышты” деп бурмалап жатышат, андай эмес. Руда менен концентраттар чыгып жатканда да канча тонна чыгып жатканы көзөмөлгө алынат. Ошонун курамынан болжол менен канча алтын чыгыш керек экени да лабораториядан өтөт, анан алып кетишет. Кайра ошол алтын бизге келип, салыгы төлөнүп, андан кийин анан кайра чыгарып кетишсе болот”, - деди Султанбаев.

Анын сөзүнө караганда, президент 1-майдан тарта Кыргызстандан курамында алтын бар руда, консентраттарды сыртка ташып чыгууга тыюу салуу боюнча жарлыкка кол койгон. Бирок аны иштеткен завод курулуп бүтпөй жарлык 31-декабрга чейин узартылды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 17-апрелде кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” өткөрмө бекетинен мыйзамсыз ташылып келаткан 84 кг жакын алтын кармалганын билдирген. Мекеме 300 миллион сомдон ашык каражатка бааланган алтынды Чүй облусундагы ири алтын казуучу компаниялардын бирине алып баратышканын кабарлаган. Бирок ишкананын атын жарыялаган эмес.

Эрбол Султанбаев 84 кг жакын алтын “Алтын кен” компаниясыныкы экенин айтты. Коомчулукта 84 кг алтын кимдики, аны мыйзамсыз алып кирүүгө кимдердин катышы бар экени тууралуу талкуу болуп жатат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG