Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:05

Латвия парламенти 9-майды майрамдоого тыюу салды


Латмиянын парламенти (Сейм).
Латмиянын парламенти (Сейм).

Латвиянын парламенти – Сейм шашылыш түрдө “9-майда айрым коомдук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салуу” жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин сайтына маалымат жарыяланды.

Жаңы мыйзамга 79 парламентарий добуш берсе, “Стабилдүүлүк!” фракциясынын депутаттары катышкан эмес. Сейм кабыл алган мыйзам жарыяланган күндүн эртеси күчүнө кирет.

Аталган документ коомдун бөлүнүшүн, согушту, аскердик агрессияны, тоталитаризмди жана зомбулукту даңазалоону болтурбоо үчүн кабыл алынганы айтылды.

Мыйзамга ылайык, Латвиянын бүткүл аймагында 9-майда жана 10-майда таңкы саат 7:00го чейин пиротехникалык каражаттарды колдонууга тыюу салынат. Ачык асман алдындагы коомдук жайларда майрамдык жана оюн-зоок иш чараларын, жүрүштөрдү, чогулуштарды жана пикеттерди өткөрүүгө болбойт.

Ошол эле учурда бул күнү украин эли менен тилектештикти билдирүү жана Украинадагы орус агрессиясынан азап чегип, курман болгондорду эскерүү иш-чараларын өткөрүүгө уруксат берилет.

Буга чейин Сейм ушул жылдын 9-майын Украинадагы согушта курман болгондорду жана жарадар болгондорду эскерүү күнү деп жарыялоо боюнча чечим кабыл алат деп болжолдонгон.

СССР Латвияны 1940-жылы күч менен каратып алып, союз ураганга чейин Латвияда социалисттик режим өкүм сүргөн. АКШ, Британия жана айрым Европа өлкөлөрү фашисттик Германиянын үстүнөн болгон жеңишти 8-майда белгилешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG