Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:47

Бишкектеги жол кырсыгынан жабыркаган балдардын саны 24кө жетти


Авто кырсыкка кабылып, ооруканага түшкөн балдар. №3 балдар бейтапканасы. Бишкек. 20-апрель, 2023-жыл.
Авто кырсыкка кабылып, ооруканага түшкөн балдар. №3 балдар бейтапканасы. Бишкек. 20-апрель, 2023-жыл.

20-апрелде Бишкек шаарынан “Манас” аэропортуна бараткан жолдо болгон жол кырсыгында жараат алган балдардын саны 24кө жетти. Бул тууралуу борбор калаадагы №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов “Азаттыкка” 21-апрелде билдирди.

Анын айтымында, дагы төрт бала оорукананын нейрохирургия бөлүмүнө кайрылган. Экөөнүн абалы жакшы болгону үчүн үйүнө жөнөтүлгөн.

“Реанимациядагы үч бала өзүнө келди. Ал эми бирөөнүн абалы дагы эле оор бойдон калып жатат, бирок туруктуу”, - деди Маманов.

20-апрелде түшкө жакын Бишкектен “Манас” аэропортун көздөй бараткан жолдо автобус менен кичи автобус кагылышкан. Социалдык тармактарга тараган видеодон кырсыкка кабылган автобус кызматтык экенин көрүүгө болот. Айдоочу №4 травматология ооруканасына жаткырылган.

Саламаттык сактоо министрлиги кырсык тууралуу кабар "Тез жардамга" саат 11:15те түшкөнүн кабарлады.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, жол кырсыгына кабылган автобустун ичинде Чүй облусунун Сокулук районундагы “Ат-Башы мектеп-лицейи” мекемесинин башталгыч класстарынын окуучулары болгон. Министрлик аталган мектептин директору Рахат Мырзабековага таянып автобус мектептин балдарды ташыган транспорту экенин кабарлады. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG