Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:48

Орусия Кыргызстандан сүт азыктарын алууга тыюу салды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Россельхознадзор мекемеси 21-апрелден тартып Кыргызстандан сүт азыктарын ташып келүүгө тыюу салды. Расмий маалыматта, мындай чечим 10-16-апрель күндөрү сүт фермалары жана сүт чогулткан жайлар текшерилгенден кийин кабыл алынганы жазылган.

"Россельхознадзор Кыргызстандын Ветеринардык кызматына 21-апрелден тартып бардык кыргыз өндүрүүчүлөрүнө орусиялык керектөөчүлөргө сүт азыктарын жөнөтүүгө сертификат берүүнү токтотуу керектигин билдирди. Текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргызстанда сапатты жана коопсуздукту камсыздаган тиешелүү органдардын иши жетиштүү натыйжалуу эместиги аныкталды. Кыргыз ишканаларында чийки зат кайдан алынарын аныктаган система жок. Компаниялар документи жок сүттү алат, ошондой эле өнүм белгиси жок сакталат",-деп жазылган маалыматта.

Кыргыз өкмөтү буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Мунун алдында, 19-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Бакыт Төрөбаев Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) талаптарына ылайык Кыргызстандын азык-түлүк продукцияларын экспорттоо маселеси тууралуу жыйын өткөргөн. Анда тийиштүү мекеме-министрликтин башчыларына Орусияга балык, тоок этин жана сүт азыктарынын экспортун көбөйтүү үчүн бардык шарттарды түзүүнү тапшырган.

Ушул айдын башында Россельхознадзор кыргызстандык “Тойбосс” компаниясынын колбасасынан чочконун ДНКсы табылганын билдирип, Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл кызматтарынын ишин чабал деп баалаган. Адал азыктарды чыгарганын билдирген “Тойбосс” компаниясы дооматты четке каккан.

Ага чейин, февраль айында Россельхознадзор кыргыз балыктарынан зыяндуу заттар табылганын кабарлаган. Айрым талдоочулар орусиялык мекемелердин удаалаш билдирүүлөрүн атайын жасалган экономикалык тоскоолдук деп мүнөздөп жатат.

Расмий маалыматка ылайык, былтыр Кыргызстандан 2,5 миң тонна эт азыктары Орусия менен Казакстанга сатылган. 2019-жылы бул көрсөткүч дээрлик эки эсе аз болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG